Бишкекте EXPO Russia Kyrgyzstan 2022 нр жай кргзмс ачылды
Бишкекте бизнес-форум жана EXPO Russia Kyrgyzstan 2022/EXPO Eurasia-2022 өнөр жай көргөзмөсү ачылды.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, өкмөт мүчөлөрү жана Россия, Кыргызстан тараптан бизнес-өкүлдөр катышты.
“Азыркыдай экономикалык кризис болуп турган учурда бул сыяктуу биргелешкен аракеттер пайдасын гана берет деп ишенем. Кыргызстан менен Россиянын өнөктөштүгү эки тараптын тең экономикалык өсүшүнө пайдасын тийгизери талашсыз. Бүгүнкү көргөзмөгө катышып жаткан бизнес-өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирем“, — деди Төрөбаев.
Көргөзмө жана бизнес-форум 21-23-июнь аралыгында өтөт. Иш-чараны “Зарубеж-Экспо“ ААКсы Улуттук инвестициялык агенттик менен биргеликте уюштурууда. Мында Кыргызстанда заманбап тоо-кен техникасын чыгаруу боюнча өндүрүш баштоо, акыркы муундагы автобустарды чогултуу, медициналык буюмдарды биргелешип өндүрүү, заманбап навигациялык жабдуулары бар КамАЗдарды чыгаруу, “Мироторг“ концернин кеңейтүү долбоорлору талкууланат.
227 views
732
314
1 year ago 00:00:53 69
Бишкекте өтүп жаткан EXPO 2023 көргөзмөсүндө кандай товарлар коюлган
2 years ago 00:00:24 253
Бишкекте EXPO Russia Kyrgyzstan 2022 өнөр жай көргөзмөсү ачылды