Боом капчыгайында жүк ташуучу унаанын айдоочусу уктап кетип кырсыкка кабылып, бир адам каза болду. Бул туурасында Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, бүгүн, 26-январда, болжол менен саат 12:00дө Бишкек — Нарын — Торугат жолунун 126-чакырымында HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа күн чыгышты көздөй бара жатып оодарылып кеткен.
Алдын ала маалымат боюнча, 37 жаштагы К.Т. аттуу айдоочусу уктап кетип жол боюндагы тосмону сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 38 жаштагы бир жүргүнчү мүрт кеткен.
89 views
423
160
2 years ago 00:00:29 113
Боомдо тосмону сүзгөн жүк ташуучу унаа оодарылып жүргүнчүсү көз жумду.
2 years ago 00:00:38 89
Боомдо Sprinter тосмону сүзүп, айдоочусу мүрт кетти. Каргашанын видеосу