Депутат жер мунапысы боюнча мыйзамды аткарууда коррупция жаралганын айтты
Жер амнистиясы боюнча кабыл алынган мыйзам иштебей жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев кезектеги пленардык жыйында билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, жер-жерлерде ишиңди бүтүрүп берем деп элден акча алгандар көбөйдү. Түлөбаев министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, көйгөйдү чечүүнү өтүндү.
“Алмасбек Акунжанович, жер-жерлерде жер амнистиясы боюнча мыйзам иштебей жатат. Ишиңди бүтүрүп берем деп акча алгандар көбөйдү. Айыл өкмөтү баш болуп акча алып, элди дүрбөтүүдө. Мэрлерге, акимдерге так тапшырма бериңиздер. Болбосо УКМКга кайрылалы, алдап, жеп жаткандардын жазасын берсин“, — деди Түлөбаев.
Жогорку Кеңештин кэчээки жыйынында дагы жер маселесине байланыштуу көйгөй көтөрүлдү. Анда депутат Султанбай Айжигитов Баткенде чек ара аймагында жашагандардын айрымдарынын жерге “кызыл китеби“ жок болгондуктан улуттук коопсуздукка коркунуч жаралып жатканын белгилеген. Мунун кесепетинен тургундар каттоого тура албай, жөлөк пул ала албай, санариптештирүү токтоп калган. Мындан тышкары, Кыргызстан жараны жерге мыйзамдуу түрдө ээ болбогондуктан коңшу өлкөнүн атуулдары талашып кирип алууга себеп болуп жатканы белгиленген.
“Кызыл китеп“ жасатууга көпчүлүктүн акчасы жок, болсо дагы бюрократия күч алган“, — деп билдирген депутат Айжигитов.
Эске салсак, 2021-жылдын соңунда Садыр Жапаров 2022-жылдын 1-апрелинен тарта Кыргызстанда 25 миң гектар жер трансформация болорун билдирген.
2022-жылдын 1-апрелинде жер мунапысы деп аталган мыйзам кабыл алынган. Ал эми 31-майда жобо бекитилип, анда президенттин тапшырмасын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын функциялары менен механизмдери жазылган.
Ал эми айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков 2022-жылдын ноябрь айында жер трансформациясы оңой иш эмес экенин айтып, бирок жылдын соңуна чейин же 2023-жылдын башында толугу менен чечилип бүтөрүн убадалаган.
24 views
275
78
3 months ago 00:00:18 197
Украинанын православ чиркөөсүнө тыюу салуу: мамдепартамент комментарийден баш тартты
4 months ago 01:36:09 1
2024 кедейлік жылы ма? Қытайдың қаптауы, айлықты өсіру. Ринат Зайытов, Уәлихан Қайсаров,Мақсат Жақау
4 months ago 01:45:57 72
Нежный Полицейский / Франция, 1977, реж. Филипп де Брока / HD Video 1080p / Tendre Poulet
6 months ago 00:01:56 128
Депутат Государственной думы Светлана Журова о программе «Время героев»
7 months ago 00:36:05 1
Алымкадыр Бейшеналиев: эки бөлмөлүү жер тамда жашайм/депутат эркек эмес экен
7 months ago 01:06:29 1
“Казахстанская элита - духовно нищие люди.“ Преступный путь Болата Назарбаева, Новый Казахстан
7 months ago 00:00:15 2
🇷🇺 В рамках акции «Сад памяти» единороссы приняли участие в высадке саженцев сосны, в память о героях отечества и в память о жер
8 months ago 01:44:51 1
Аш халық «тоқ билікпен» ойнамайды. Жер сатқаны үшін сотталуы тиіс 10 әкім — Бақытжан Базарбек
1 year ago 00:47:14 1
Венгрлер қазақша сайрайды | Таза қазақи өмірге оралсақ, Жапониядан озамыз
1 year ago 01:10:05 1
ЖЕР ДАУЫ. Депутат халық жағына шықты. Шымкент, Достық шағын аудан тұрғындарының үй мен жер тағдыры
1 year ago 00:24:08 1
Америкалықтар асырап алған қазақ қызы туған ата-анасын іздеп Қазақстанға келмекші | Сабина ДЖЕНТРИ