8-сентябрда Ленинград курчоосу башталган. Кылым трагедиясы видеодо
8-сентябрь 1941-жыл. Туптуура 81 жыл мурда ушул күнү Улуу Ата Мекендик согуштагы эң трагедиялуу этаптардын бири — Ленинград курчоосу башталган.
Аталган калаанын жашоочулары фашисттик баскынчыларга 872 күн каармандык менен чыдап, жашап, өлүм, ачкачылык, болуп көрбөгөндөй сыноолор менен күрөшкөн. Ал кезде тышкы дүйнөдөн кабар берген жалгыз гана Ладога көлү — “Өмүр көлү“ менен аба байланышы калган.
Фашисттик фюрердин ою боюнча Ленинградды басып алгандан кийин “жер менен жексен болушу керек“ эле.
872 күнгө созулган азап, аяз, кырылган эл – бала-чака, кары-картаңдар, эмгекке жарамдуулар. Бул трагедия 1 миллионго чукул адамдын өмүрүн алып кеткен. Алардын 600 миңге чукулу ачкадан кырылган. Бул адамзат тарыхындагы эң узакка созулган жана эң каардуу курчоо болду.
...1944-жылдын 27-январында чыкылдаган аяздуу күнү блокада жырылып, фашисттик баскынчылардын тилеги таш капкан. 1944-жылдын январында блокада алынгандан кийин да немец жана фин аскерлеринин курчоосу уланган. 1944-жылдын августундагы операциядан кийин гана фашисттер шаардан алыс сүрүлгөн.
Блокадада калган Ленинграддан Кыргызстанга 16 миңден ашык адам, анын ичинен 3,5 миң баланын эвакуациялангандыгы айтылып келет. Улуу Ата Мекендик согушка 360 миңден ашуун кыргызстандык катышкан. 4 500дөн ашыгы Ленинградды бошотууда курман болгон.
Ленинград блокадасынан Кыргызстанга эвакуациялангандар менен бирге 150 баланы Улуу Ата Мекендик согуш маалында Токтогон Алтыбасарова аттуу каарман инсан багып-өстүргөн.
61 view
685
210
2 months ago 00:36:08 69
“Мы о войне стихами говорим...“ 8 сентября 2024 года
2 months ago 00:01:43 2
В этот день в 1941 году по Дороге жизни, проложенной для снабжения блокадного Ленинграда по льду Ладожского озера, стали ходить
2 months ago 01:34:51 126
Мастер-классы. Фестиваль “Моя Россия: музыкальное путешествие“ в Петербурге
2 months ago 00:30:30 60
ЛЮДИ в СОЧИ: город срывает с людей маски ➤страхи переезда из Питера в Сочи ➤плюсы Сочи 🔵Просочились
2 months ago 01:27:40 8
125 лет Сергею Есенину - концерт в парке Заречье
3 months ago 00:56:30 1
«Блокада Дети» Документальный фильм
3 months ago 01:20:16 5
БЛОКАДА ЛЕНИНГРАДА / Вторая мировая война / Уроки истории @MINAEVLIVE
3 months ago 00:04:13 3
“ЖИЗНЬ КАК СОН“. Пресс-встреча в Петербурге (8)
3 months ago 02:27:56 1
ЛУЧШИЕ ПЕСНИ РУССКОГО РОКА!!! @MEGA_HIT
3 months ago 01:16:10 2
Апарт Отель GloraX Заневский для Жизни и под Инвестиции в Недвижимость СПб и Новостройки Петербурга