Sputnik Кыргызстандын журналисттер тобу Спартак (Донецк Элдик Республикасы) поселогуна да барышты. Бул жерде аткылоонун үнү дайыма угулуп турат.
Буга чейин аталган аймакта 2000ге чукул киши болсо, 2014-жылдан кийин Спартакта жашоо нугу өзгөрдү. Азыр 39 гана тургун калган.
Буфердик аймак жакын жайгашкандыктан дүкөндөр иштебейт, электр кубаты тез-тез өчүп турат. Поселоктун эли жер төлөгө түнөп чыгышат.
Спартактын администрация жетекчиси Марина Асеева мурда аткылоо түштөн кийин болсо, азыр кайсы учурда ок жаарын болжолдоого да мүмкүн болбой калгандыгын айтты.