Бишкекте мыйзамсыз курулган көп кабаттуу үйлөрдү муктаждарга берүү каралууда
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Жетибаев борбор калаада мыйзамсыз курулган турак жайларды муктаждарга берүүнү сунуштады. Ал мындай пикирин бүгүн маалымат жыйында ортого салды.
Жетибаевдин айтымында, Бишкекте 37 курулуш объекти мыйзам талаптарына каршы курулган.
“Мен ачык эле айтайын, 37 объектини бузуу процессин баштайлы деп сунуш киргизгем. Бирок карап көрсөк карапайым эл кыйналып калат экен. Министрлер кабинетинин төрагасы менен да сүйлөшөйүн деп жатам. Кыска убакыттын ичинде аларды мыйзамдаштырып койсок. Анткени шаарыбыздын жөнөкөй тургундары жашап жатат ал жерде. Эми субъективдүү пикиримди айтсам, турак жайдын жалпы аянтынын 30 пайызын Бишкек шаарынын муктаж тургундарына же МИК долбоору аркылуу, болбосо мэрияда кезек күткөн кызматкерлерге бериш керек“, — деди Жетибаев.
Ошондой эле ал мындан ары башаламан курулуштарга катуу көзөмөл жүргүзөрүн эскертти. Аны менен катар Бишкек башкы архитектурага жана экспертиза департаментине бир дагы объектинин мыйзамсыз курулушуна жол бербөө тапшырмасын бергенин айтты.
49 views
606
231
1 year ago 00:11:31 209
Коркутуулар болот, коргонуу жолун ойлонуп койгом. Вице-мэр Орунтаевдин видеомаеги
2 years ago 00:01:04 149
Бишкекте Россиянын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды.
2 years ago 00:00:59 103
Бишкекте Ирандын жараны 45 млн. сомдук баңгизат алып келген деп кармалды
2 years ago 00:01:30 143
Бишкекте мыйзамсыз курулган көп кабаттуу үйлөрдү муктаждарга берүү каралууда