Баллон менен муз тепкен кишинин тамагын бутак айрып... Сабыр Жумабековдун маеги
Дарыгер кыш мезгилинде тоого чыгып муз тепкендерди этият болууга чакырып, өзгөчө баллон менен муз тебүү адамдын ден соолугу үчүн эле эмес, өмүрү үчүн да кооптуу экенин эске салды.
Травматолог, ортопед Сабырбек Жумабеков баллон тепкенде жаракат алуу коркунучу күч экендигин айтат. Ал баллон менен муз тепкендер арасында омурткасы, буту, колу сынып келгендер көп экендигине токтолуп, каза болуп калгандар да бар экенин белгиледи.
“Салттуу спортко мен макулмун. Эми лыжаны деле тебиш үчүн биринчи үйрөнөсүң да. Конькиге турсаң деле, үйрөнүп алып, кармалап тебесиң. Баллон, клеёнка — ушул эки нерсе өтө кооптуу. Жылына бизге жүздөн ашык бейтап түшөт. Өзгөчө омурткасы, куймулчагы, буту, колу сынып келет, аркы дүйнөгө да кетип калгандар болот. Ошентип баллон тебем дегендердин бири баллондон секирип аңга кулап, аңдагы бутак тамагынын бир жагынан кирип, экинчи жагынан чыгып кеткен. Кадимки дарактын бутагы. Бизге келгенде каза болуп калды, анткени бутак кан тамырлардын баарын айрып кетиптир“, — деди Жумабеков.
Травматолог баллон башкарылбагандыктан түрдүү коркунучтар тоорушу мүмкүн экендигин эскертти.
245 views
346
101
4 months ago 00:00:00 2
Ballon d’Or 2024 Award LIVE 🔴 | 68th Ballon d’Or 2024 Ceremony Full Show
4 months ago 00:00:00 759
Ballon d’Or 2024 Awards Full Show | 68th Ballon d’Or 2024 Full Ceremony