Бомбаланган жерди аралап жүргөн темир уста... Донецкиден тартылган видео
Виктор Михалев бомбалоодон кийинки снаряддарды чогултат. Колу иш билген темир уста окторду чогултуп, жарым-жартылай талкаланган Донецкини көрктөндүрүп турат.
Кээде жергиликтүү жашоочулар темир устага снаряддарды алып келишет.
“Скульптура менен эле чектелбейсиң, кээде ушул жерде курман болгон жоокерлердин мүрзөсүнө коюш үчүн эстелик жасап бер деп суранышат. Мисалы, оң колуна кызын кармап турган аялдын элесин жасадым. Чүрпөсүн жааган октон бүт денеси менен жаап, коргоп турат. ...Каркыралар асманга көтөрүлүп баратат, демек, энеси кызын сактай албай калды... Мындайды бир нече ирет көрдүм“, — деп айтып берди темир уста.
2014-жылдан бери Донецкинин 6,5 миңден ашуун жашоочусу көз жумуп, миллиондон ашык адам качты. Көптөр сымал Виктор да үй-жайын таштап кете албай, ок жааган мекенинде жашап келет.
“Мен дагы мунун баары бүтөт деп кыялданам. Көптөр ок жааган мындай жерде жашаганыбызды түшүнө беришпей, таң калышат. Кантип ушунча убакыт жашаса болот дешет. Анан да ушундай шартта шаарды көрктөндүргөнүбүзгө айраң-таң. Башка эч нерсе болушу мүмкүн эмес, бул менин үйүм, башка эч нерсе колумдан келбейт“, — деди ал.
Уста Михалев скульптура жасаш үчүн шаарда азыркыдай материал ылайым эле калбай калышына үмүт артат. Бирок, тилекке каршы, азырынча ал узанган жерде снаряддан бут коёрго жер жок...
70 views
654
257
2 years ago 00:02:48 279
Бомбаланган жерди аралап жүргөн темир уста... Донецкиден тартылган видео