Депутат: Ошто кмрдн тоннасы 12 ми сомго чыкты, бийлик зн пиарлап отурат
Катуу суукта Ош шаарында көмүрдүн баасы 12 миң сомго чыкты, жергиликтүү бийлик иштебей эле өзүн пиарлап отурат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов парламентте билдирди.
Эл өкүлү өлкөнүн эч бир жеринде көмүр мынчалык кымбаттабаганын белгиледи.
“Мен Антимонополия жана жергиликтүү бийликке чыгып “каякты карап отурасыңар“ дедим. Алар өздөрүн пиар кылгандан бошобой калышты. Ушундай кыштын кычыраган суугунда эл менен иштешпейби. Камерага эле иштеп калышты. Көмүрдүн баасы 10-12 миң сомго чыгып, эл ала албай кыйналууда. Жарык өчүп жатат, жылуулук жок. Шаардын Төлөйкөн кичи районунда бир сутка бою электр энергиясы өчүк турду. Жергиликтүү бийлик өзүн пиар кылып отура бербей иштеши керек“, — деди Осмонов.
Ошондой эле ал маселени көзөмөлгө алуу үчүн өкмөткө протоколдук тапшырма берүүнү сунуштады.
55 views
284
67
4 months ago 00:06:53 1
Новости Болгарии | - | Пожары, не драка в парламенте, синод против церемонии Олимпиады
2 years ago 00:00:42 103
Депутат: Ошто көмүрдүн тоннасы 12 миң сомго чыкты, бийлик өзүн пиарлап отурат
2 years ago 00:01:19 1.3K
ОбъективНо Че Белозерск Парк Победы
9 years ago 00:00:33 1
Подвійні стандарти: депутати з Кіровоградщини поїдуть знайомитися з Польщею за бюджетний рахунок