Үлүшчүлөрдүн эсебинен үй салууга тыюу салынды

Кыргызстанда кыймылсыз мүлк рыногун түп-тамырынан бери өзгөртө турган мыйзам кабыл алынды. Курулуш компанияларына үлүшчүлөрдүн эсебинен үй салууга тыюу салынды. Эми компаниялар курулушту өз каражатына гана жүргүзө алышат. Бул жарандарды абийирсиз компаниялардан коргоо максатында жасалууда. Бирок, ишкерлер жана эксперттер кыймылсыз мүлк рыногу монополия болот деп чочулашат. Кыргызстанда өз каражатына үй сала алган компаниялар аябай аз. Ал эми атаандаштыктын жоктугу, батирлердин кымбатташына алып келиши мүмкүн. #shorts #курулуш #азаттык #туракжай
Back to Top