Ошту жөө, Баткенди мопедде, Жалал-Абадды портерде кыдырган Камчыбек Ташиев

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айылындагы 2 тургунга жаңы үйдүн ачкычтарын тапшырды. Ушул жылдын июль айында аталган аймакта сел жүрүп, ондогон турак-жайлар жараксыз абалга кептелген болчу. Алардын арсынан селдин кесепетин оор тарткан Жалгыз бой эне, 4 баланын апасы Айзат Акбаева жана айылдын дагы бир тургуну Салмоорбек Утуровдорго Таймурас Ташиев өз каражатынан жаңы турак үйлөрдү куруп берээрин убадалап, курулуш иштери мындан эки ай мурда башталган. 11- октябрда Камчыбек Ташиев алгач Айзат Акбаевага, андан соң, Мады айылынын тургуну Салмоорбек Утуровго да айылдыктардын катышуусунда жаңы турак үйдүн ачкычтарын тапшырды. Эки турак-жай тең, жашоо үчүн зарыл болгон бардык заманбап шарттар менен камсыздалган. 5 бөлмөлүү үйлөр кыска убакытта, сапатына өзгөчө көңүл буруу менен салынды. Камчыбек Ташиев эки адмага үйдүн ачкычын тапшыруу менен гана чектелбей, Кара-Суудагы жалпы селден жабыркагандар менен жоолугуп, кечигип жаткан мамлекет тарбынан берилүүчү жардамды өз көзөмөлүнө аларын да убадалады. Акыркы жаңылыктар, кызыктуу видеолор Телеграм каналыбызда Катталыңыз 👇 Бөлүшүңүз Ушул маалыматты окуп отурган ютуб каналыбызга да катталганды ( подписка) унутпаңыз. 👇 @azamatlivekg #кыргызстан #бишкек #бишкеккабар #акыркыкабарлар #новости #камчыбекташиев #садыржапаров #жогоркукенеш #жогоркукеңеш #azamatabdiev #azamatlive #азаматабдиев #тезкөр #тезкор #чүй #чуй #баткен #ош #жалалабад #талас #нарын #ысыккол #ысыккөл #ысыккуль #жаңылыктар #кабарлар
Back to Top