КАРТОШКА ПЕЛЬМЕНИ(ВАРЕНИКИ)/Даяр форма менен бат жасоо жолу

#эмнетамакжасасам #вареники #пельменискартошкой Пельменди жасоо кол албашы үчүн атайын форманы(пельмен жасоо формасы) колдонуңуз. Камырын жууруп даярдап коёбуз.Ичин даярдоо үчүн,сковородкага май, тууралган пияз менен картошканы салып,бираз суу куюп, туз кошобуз.Капкагын жаап жай отто бышырабыз. Камырды жуп сандагы бөлүктөргө бөлөбүз.Камырды жайып форманын үстүнө коёбуз. Картошка фаршты көзөнөктөргө салып чыгабыз.Дагы бир камырды жайып үстүнө жабабыз да валик менен бекитебиз.Форманы оодарып пельмендерди чыгарыңыз.Кайнаган туздуу сууда даяр болгуча бышырабыз.Жанына сметана жакшы жарашат.Мен жашылча чөп менен жегенди жакшы көрөм.Табитинизге жараша сунум кылыңыз. ____________________________________________ ДААМДУУ ТАМАКТАР - ____________________________________________ КАРТОШКА ПЕЛЬМЕНИ 📝Курамы: картошка пияз май туз кара мурч,ачуу калемпир суу камырына: суу туз ун Тамагыңыз даамдуу болсун! PS. * Стакан көлөмү 200 мл _________________________
Back to Top