Маскөөнүн “Айкөл-Манас“ спорт клубунда машыккан мекендештер

Бөтөн жерде кыргыз желегин желбиреткендер Москванын борбордук бөлүгүндө машыгып жаткан бул балдар “Айкөл-Манас“ спорт клубунун мүчөлөрү. Сексен бала күндүзү курулушчу, ашпозчу, күзөтчү болуп иштеп, кечинде машыгуу үчүн спорт залына келет. Мында спортчулар, жиу-житсу, куралсыз өзүн коргоо, куралы жок уруш, эрежесиз мушташ боюнча машыгат. Көпчүлүгүн кыргыздар түзгөн клубда эки кыз бар. Мында дагестан, чечен, орус улутундагылар да келип, машыгуудан өтөт.
Back to Top