Президент Сооронбай Жээнбеков Сапар Исаковдун өкмөтүн отставкага кетирүү жөнүндө жарлыкка 19-апрелде кол койду. Бул парламенттин депутаттары министрлер кабинетине ишеним көрсөтпөө сунушун колдошкондон эки саат өткөндөн кийин болду.
Эл өкүлдөрү 17-апрелде өкмөттүн 2017-жылга карата отчётун «канааттардырарлык эмес» деп тапкан.