Сайкал Осконова - “Дил билет“ (cover by Saikal)

САЙКАЛ ОСКОНОВА “Дил билет“ c: С.Шатманов о: Б.Стамкулова Өлүмдүн кадырын өксүгөн жан билет, Көңүлдүн кадырын көксөгөн жан билет. Сүйүүнүн кадырын жетпеген жан билет, Достуктун кадырын четтеген жан билет. А бирок атанын кадырын ким билет? Аттиң, ай, эненин кадырын ким билет? Күлкүнүн кадырын муңайган жан билет, Жаштыктын кадырын улгайган жан билет. Ден соолук кадырын оорукчан жан билет, Оорунун кадырын боорукер жан билет. А бирок атанын кадырын ким билет? Аттиң, ай, эненин кадырын ким билет?
Back to Top