Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгын кантип майрамдады

Кыргызстан көз карандысыздыктын 33 жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын салтанаттуу белгиледи. Эртең менен бийиктиги 100 метрге жеткен желек көтөрүлдү. Ал эми кечинде Кыргызстандын 100 жылдык тарыхын чагылдырып театрлаштырылган оюн-зоок тартууланды. Келген эл Гүлнур Сатылганова, Бек Борбиев, Мирбек Атабеков, Amirchik, россиялык ырчылар Стас Михайлов, Филипп Киркоров, Люся Чеботина, андан сырткары Bosson тобу жана италиялык аткаруучу IN-GRID катышкан концертке күбө болушту.
Back to Top