Бул дүйнө жүзүндө ммм...мм... Эне үчүн эң жаман сөз “апа, мен кыйналып атам, ушундан көрө мени өлтүрүп койчу. Тетиги дарылардын баарын мага берчи, мен өзүм эле ичип алам, сиз күнөөгө батпайсыз“ деген сөз. Мен ушул дартты (рак – ред.) ушундан эле таптым деп ойлойм, күйүттөн эле. Бир күнү аябай катуу суранды, мен да ошол күнү аябай кыйналып тургам. “Макул, уулум, өлсөк экөөбүз чогуу өлөбүз“ деп дарылардын баарын чыгара баштадым. Бирок мен биринчи ичем, андан кийин сен ичесиң. Мен сенин өлүмүңдү каалабайм, мен сени айыктырам деп ушунча аракет кылдым дедим. Балам: “жок, жок, апама ичкенге болбойт”, - деп калды. Андан кийин эле эсин жоготуп койду, төртүнчү класс болуп ар кайсыны сүйлөп кетти. Балам ошондон кийин кыйналса да бир да жолу мени өлтүрүп койчу деп айткан жок. Тамдын бооруна башын чапкылайт, чала-була кыймылдаган колу менен керебетти чапкылайт. Бирок эч качан айтпай калды өлтүр мени деп. Апам өлбөш керек деген сезиминде калып калыптыр да.
173 views
63
17
2 weeks ago 00:18:08 206
Уулум “апа, мени өлтүрүп койчу“ деп жалбарчу. Ракты жеңген аялдын баяны
2 weeks ago 00:01:02 173
Уулум “апа, мени өлтүрүп койчу“ деп жалбарчу
2 years ago 00:02:16 340
Эламанга чейин үч баламан айрылгам... Аскердин кан жутуп отурган ата-энеси