Ош шаарында беш өлкөнүн бийчилери жөө жүрүш жасашты
Ош шаарында “Бий искусствосу-2023“ эл аралык фестивалы башталды. Иш-чара 19-августка чейин уланат. Бул тууралуу Шаардык маданият башкармалыгынын жетекчиси Элдияр Кадыркулов билдирди.
Индия, Өзбекстан, Казакстан, Түркия жана Кыргызстандын бий топтору катыша турган фестиваль шаардагы Бабур атындагы музыкалык драма театрынын алдында старт алды.
“Иш-чаранын ачылыш аземинин алдында анын катышуучулары улуттук ыр-бийдин коштоосунда борбордук аянттан Ленин көчөсү менен шаардагы Бабур атындагы музыкалык драма театрына чейин жөө жүрүш жасашты. Фестивалдын алкагында республиканын бардык аймактарынан келген кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү да ачылды“, — деди Кадыркулов.
Маданий саамалыкты Ош шаардык мэриясы менен Ош шаардык маданият башкармалыгы уюштурууда.
83 views
136
31
2 months ago 00:44:19 141
“Экономикалык панорама“ БРИКС -2024 саммити кандай өттү?
2 months ago 00:10:43 1
ЭМИЛБЕК ЖУСУПОВ АФЕРИСТПИ? ЭЛДИ ҮЙСҮЗ КАЛТЫРГАН “ЭМАКОМ“
3 months ago 00:03:00 1
“КООПСУЗ ШААР“ ДОЛБООРУ АЙМАКТАРДА ДА КОЛДОНУЛАТ
8 months ago 00:02:26 1
МЕККЕДЕ КЫРГЫЗСТАНДЫН МЕЙМАНКАНАСЫ БОЛОТ
9 months ago 00:08:58 1
Ооз ачуудагы 8 ката / Мусулман адам сөзсүз билүүгө милдеттүү
9 months ago 00:46:48 27
”Экономикалык панорама”: “Келечек оюндары” — дүйнөлүк ири долбоорго айлана алат