Аял кишини сөз менен алдап коюш керек

Аял кишинин күчү болбосо... Каягынан чыгарат? Анан тили менен сайрайт да. Аял кишини жылуу сөз менен алдап коюш керек да. Жоок, биздин эркектер болсо... Азыр мына коомчулукта аялдарды ургандар көйгөйлүү маселе. Мен мисалы, келинчегим менен такыр урушкум келбейт. Сүйлөй берет, угуп кое берем. “Бир аздан кийин айтып бүттүңбү?” десем, “ооба” дейт. “Кел анда, мен айтып көрөйүн” деп анан баштайм да. Мындай эле кылып коелу деп... Эртең чыгып бир жерге жетелеп барып, жакшы тамактан алып берип көңүлүн көтөрүп коесуң. Болду, маселе чечилет. Мен күчтүүлүгүмдү жагалса эркекке көргөзгүм келбейт. Анткени азыркы эркектер муштум эмес, сөз көтөрө албайт. Мына ушундай заманда жашап жатабыз.
Back to Top