Алматыда көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, эне-бала терезеден секиришти

Алматыдагы көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, жашоочулар балдарын терезеден ыргытып, артынан өздөрү да секиришти. Аталган видео социалдык тармактарга жарыяланды. Секиргендерди астыда чогулган эл матрацтар менен тосуп алып жатканын көрүүгө болот. Sputnik Казакстан агенттиги турак жайдын лифтинин 5-6-кабаттарынын ортосунда электр зымдары күйүп, жалын тутанганын билдирди. Күбөлөрдүн айтымында, люктар жабылып калганына байланыштуу өрт өчүрүүчүлөр эвакуациялык шатыларды колдоно алган эмес. Секирип түшкөндөрдүн көбү аялдар менен жаш балдар болгон. Өрт өчүрүүчүлөр өйдөкү кабаттагы 300дөй тургунду эвакуациялап, 70ке чукул адамды куткарган. Тилсиз жоодон жаракат алган 31 адам ооруканага жеткирилди, анын 16сы балдар. Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы каза болгондор жок экенин айткан. Окуя бүгүн Алматы шаарынын Аккент кичи районунда болду. Саат 18:46да өрт өчүрүлгөнү кабарланды.
Back to Top